www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Дастан Бекешев бийликти 1937-1938-жылдардагы репрессиялар тууралуу архивдик документтерди ачыкка чыгарууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрдагы, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Эмне үчүн биз 1937-1938-жылдардагы маалыматтардын сырын ача албайбыз. Айрыкча, репрессиялангандарга карата. Репрессиялар боюнча ким буйрук берди, ким аткарды? Ал дагы эле жашыруун. Мөөнөтү өтүп кеткен болсо да», - деди ал.
Архив агенттигинин директору Мария Алыбаева белгилегендей, бул маселе эки жыл мурун бейөкмөт уюмдар тарабынан көтөрүлгөн.
«Өкмөттө комиссия түзүлдү. Бирок бардык документтер УКМКда сакталат. Алар классификацияланган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура архивди жашырууга мыйзам жол бербейт деп эсептейт», - деп жооп берди Мария Алыбаева.
Булак: NazarNews.kg