www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-октябрда Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңешке келип, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыккан активисттердин кармалышы боюнча сөз кылды.
Кармалгандар массалык баш аламандык уюштурууга даярданган деп шектелүүдө.
Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын эске салды. Анын айтымында, кылмыш иши 20-октябрда козголгон.
«Прокуратура бул иш боюнча мыйзам бузуулар болбогонун аныктады. Бардык кармоолор жана тергөө иштери мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери купуя сыр», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg