www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ксения Собчактын үйү тинтүүгө алынды

Укук коргоо кызматкерлери Ксения Собчактын Москва районундагы Горки-8 коттедждер конушундагы үйүндө тинтүү жүргүзүүдө, деп билдирет ТАСС жана 112 Telegram каналы.

ТАСС маалымдагандай, тинтүү анын коммерциялык директору Кирилл Сухановго карата мурда козголгон опузалоо боюнча жүрүп жатат. Ал 25-октябрда кармалган.

Собчак Суханов опузалап акча талап кылган деген айып менен кармалганын айтып, болгон окуяны "күлкү, куру сөз жана болбогон нерсе" деп сыпаттаган.

"Мен жана менин жалпы редакциям муну өлкөдөгү журналистикага жасалган дагы бир кысым катары баалайбыз", - деди Собчак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости