www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы кандуу жол кырсык катталган.

Анда BMW X7 жана Lexus ES 330 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, акыркы унаадан дароо төрт баланын кырчындай өмүрү кыйылган. BMW X7де депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков болгон. Рулду дагы ошол бала башкарып бара жаткан дегендер бар. Бирок, кийинчерээк рулду Элдияр Халмурзаев аттуу жаран башкаргандыгы айтылып, ал камакка алынган болчу. Бирок, Халмурзаев кийинчерээк Каракол шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

Жакында бул кырсыкка байланыштуу автотехникалык эскпертизанын бүтүмү дагы чыккан. Анда BMW X7 унаасынын белгиленген ылдамдыктан ашып кеткендиги көрсөтүлүп, экинчи Lexus ES 330дун дагы кырсыкка себепкер болгондугу кыйытылган.

Эң кызыгы экспертизада Lexus ES 330 машинеси капталдан урулгандан кийин 15 см гана мыйрыйган деп жазылыптыр. Бул эмнеси? Экспертизаны жүргүзгөндөр коомду сокур, макулук көрүшөбү? Жогорудагы сүрөткө көз салып анан унаа 15 см гана кирип кеткендигине ким ишенет?

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости