www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, жакында КСДП фракциясынын депутаты жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эӊ жакын санаалашы Асел Кодуранова “Азаттыкка” маек берип жатып, Алмазбек Атамбаев баш кесер Азиз Батукаевге алданып калып катуу өкүнгөнүн айтты. Ал, Алмазбек Атамбаевдин күнөөсүн азайтам деген максатта: “Алмазбек Шаршенович Азиз Батукаевди кайтарып алуу боюнча РФ президенти В.Путинге бир нече жолу кат менен кайрылып, жолукканда дагы Батукаевди кайтарып бериӊиз, биз ага алданып калыппыз”-деп айткан,-деди Кодуранова. Бул тууралуу Учур тайпасы жазып чыкты.

Өлкө башысы Россиянын президентине бир кылмышкерге алданып калганын даттанып, кайра кайтарып бериӊиз деп суранганы өтө уят иш. Анан дагы, кантип алданып калганы кызык. Демек, Азиз Батукаевдин чыгарылышына Алмазбек Атамбаев аралашканы эми белгилүү болду.

Канкор Батукаев өзүнүн эркиндигин бир нече миллион долларга сатып алганы айтылган. Бирок, ал акча каражатынын жарымы жасалма болуп чыкканы жөнүндө дагы кеп жүргөн. Атамбаевдин алданып калдым деп кейип жүргөнү, демек доллар ордуна жасалма акча алганын айтып жаткандыр? Асел Кодуранова Атамбаевдин чылпагын алам деп, көзүн чукуп алды. Чындык бары бир мынтип чыгып калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости