www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэрлерин улам алмаштырып жатып, жаңы келген мэр эмне көйгөйлөр бар экенин билгичекти бир жыл убакыт өтүп кетип жатат. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жок дегенде вице-мэрлерди жайына койгула, улам алмаштыра бербей. Бишекете суу тартыш болуп, Арча-Бешик конушунда элдер ызы-чуу түшүп жатса мэр Сочиде жүрөт. Элди ойлош керек да", - деди Түлөбаев.
Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, вице-мэрлерди алмаштырбоону жана суу маселесин чечүүнү өтүндү.
Депутаттын пикиринде вице-мэрлер иштин көзүн таба билишет.
Эл өкүлү Марлен Маматалиев: Суунун башында туруп, суу жок болгону биз үчүн кечирилгис. Мөңгүлөр ээрибесе эмне кылалы деп жатабыз. Бирок, ээрибейт же Кахов ГЭСинен суу келип калаар деп отура берсек маселе чечилип калбайт, - деген пикирин билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ, 7-июнда бир канча депутат Бишкектеги таза суунун тартыш болуп жатканы боюнча маселени көтөрүшкөн.
Ал эми, төрага Нурланбек Шакиев парламентте суу маселесин караганы менен мөңгүлөр ээрип кетпесин билдирген.
Борбор калаанын мэриясы учурда суунун жетишсиз болуп жатканына байланыштуу бир канча чектөөлөрдү киргизгенин билдирген.
Алсак, шаардын түштүк тарабында түнкүсүн таза суу өчүрүрүлүп тураары айтылган. Ошондой эле, 100гө жакын объекттин ишмердүүлүгү токтотулду. Аларга мончо жана унаа жуучу жайлар кирет.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн
Булак: NazarNews.kg