www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КР 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору 2-окууда каралууда.

Жыйын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Бакиров сыртка ташылып жаткан кен байлык концетраттарында Өкмөт алтын менен күмүшкө гана басым жаткандыгын айтып, бул экөөнөн башка дагы баасы өтө кымбат (1 граммы 100-200 миӊ доллар) осмий сыяктуу химиялык элементтери бар экенин белгиледи.

Депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, салыктык кирешелердин өсүү темпи басаӊдай түшкөнүнө токтолду.

Депутат Абдывахаб Нурбаев айрыкча Бишкек шаарынын абасын 70% автоунаалар же сапатсыз күйүүчү майлар булгап жатканын, депутаттар тобу мыйзам долбоорун иштеп чыкканын маалымдап, КР Өкмөт башчысын долбоорду колдоого чакырды.

Депутат Абдумажит Юсуров республиканын туристтик потенциалын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгына Өкмөттүн көӊүлүн буруп, ал үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү, бул секторду администрлөө системасын жакшыртуу керектигин баса белгиледи.

Депутат Улан Примов бүгүнкү күндөгү кадрдык таӊсыктык маалында жана мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги учурунда өлкө аймагындагы мектептерди интернеттештирүүнүн ролу өсүп жатканына токтолду. Муну менен эл өкүлү 2020-жылдын бюджетинин долбооруна мектептердеги Wi-Fi-роутерлерди жогорку ылдамдыктагы интернетке алмаштыруу үчүн каражат бөлүү боюнча өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды.

Депутат Акылбек Жапаров ар бир министрликтин балансындагы насыялар боюнча маалымат берүүнү талап кылды. Ошону менен катар депутат келип жаткан инвестициянын (гранттардын, насыялардын) 20%дан кем эмеси билим берүү тармагына багыттоо керектигин баса белгиледи. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматы билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев чарчаганбы, айтор "Эшик суук, үйдө бала-чака бар, кетеличи!", деп төрага Дастанбек Жумабековго сунуш берди. Жыйынтыгында жалпы 60дан ашуун депутат, кесиптеши Жолдошбаевдин сунушун колдоп беришти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости