www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 2-3-май күндөрү Азербайжан Республикасынын Бакы шаарында өткөн «5-Дүйнөлүк  маданий  диалог»  форумунун алкагында  Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий, гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияз Азербайжан Республикасынын маданият министри Абульфас Гараев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында кинематографияны өнүктүрүү, бул тармакта тажырыйба алмашуу, жаш кинорежиссерлордун билимин жогорулатуу маселелеринен тартып, маданий- гуманитардык байланыштарды мындан ары да арттыруу боюнча пикир алышты.

«Бешинчи дүйнөлүк  маданий  диалог» форуму Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча (ЮНЕСКО), Дүйнөлүк Туристтик уюму (БУУДТУ), Цивилизация Биримдиги (БУУЦБ) уюмдары жана Европа Кеңеши менен Ислам Билим берүү, илим жана маданият уюму (ИБИМУ), Азербайжан Өкмөтү менен биргеликте уюштурулган.

ТҮРКПА Катчылыгы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости