www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Чолпон Султанбекова (Ишеним) Кыргызстандын турак жай рыногунда жасалма түр менен баа көтөрүү орун алып жатканын билдирди.
Анын айтымында, коомдо турак жайдын баасына карата спекуляция күчөп турган маалы.
«Көпчүлүк муну инфляция, курулуш материалдарынын баасы менен байланыштырып жатышат. Бирок бааны риэлтордук агенттиктер, ортомчулар 2 эсеге көтөрүп жатышат. Мисалы бир ортомчу массалык түрдө сатып алуу жүргүзүп, кийин объекттерди кайра жогорку баада сатып жатат. Бул маселени карап чыгыш керек», деди ал.
Ал өлкөдө жарандарды турак жай менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар жасалып жаткан маалда коомдо болуп жаткан мындай иштер жолтоо болорун белгиледи.