www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европарламенттин (ЕП) ар кайсы өлкөлөрүнөн бир катар мүчөлөр миллиардер жана X социалдык тармагынын ээси Илон Масктын Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден кийинки билдирүүлөрүн катуу сындашты. Евродепутаттар сын пикирлерин Европа комиссиясына (ЕК) кайрылуу аркылуу билдиришти. Алардын катын «Лента.ру» окуп чыкты.

«Акыркы жума ичинде Илон Маск Европадагы демократияларга терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон комментарийлер менен чыкты. Ал X аркылуу Германиянын оңчул радикалдык "Германия үчүн альтернатива" (АдГ) партиясын ачык колдоп, талаштуу билдирүүлөрдү жасап, анын лидерине түз эфирде интервью берүү үчүн чакыруу таштады. Ошондой эле Маск Италиядагы миграция иштерине байланыштуу чечим чыгарган сотторду кызматтан четтетүүнү сунуштады», — деп жазышкан алар.

Масктын X тармагына ээлик кылганын жана Трамптын кеңешчиси экенин эске алып, парламент мүчөлөрү Европа комиссиясынан бул билдирүүлөрдү «системалык коркунуч» катары карайбы жана алар маалымат каражаттарынын эркиндигине, жарандык дискурс жана шайлоо процесстерине кандайдыр бир терс таасир тийгизеби деп сурашты.

Декабрдын аягында Маск Германияны оңчул «Германия үчүн альтернатива» партиясы гана сактап кала алат деп билдирди. Ал АдГны шайлоодо «эпикалык» жеңишке жетет деп болжолдоп, Германиянын салттуу саясий партиялары «өз элин алдады» деп сындады.

Масктын бул билдирүүсүнөн кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц аны Европанын демократиялык өнүгүүсүнө коркунуч деп атап, америкалык миллиардердин Европада, Улуу Британияда жана башка өлкөлөрдө оңчул күчтөрдү колдоосу таптакыр кабыл алынгыс экенин билдирди.

 

Последние новости