www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Стамбулдагы экс-консул Эркин Сопоков менен тааныштыгы бар экендигин моюндады. “Эгерде мен ал фактыны жашырып койсом эркекче болбой калат” – деген эл өкүлү Raсurs.kg сайтына. Ошондой эле, депутат Төрөбай Зулпукаров экс-консул Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев чындыгында анын кол алдында иштеп, атасына байланышкан кыңыр иштен кийин өз каалоосу менен иштен бошоп кеткендигин кошумчалаган.
-Эркин Сопоковду ага байланышкан жагымсыз окуялардан кийин тааныбайм десем эркекче болбой калат. Ал белгилүү акын Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Ал убагында Жогорку Кеңештин депутаты болуп кызмат өтөдү. Биз ал адам менен тыгыз иштешкенбиз – деген Зулпукаров
Эске салсак, Кыргызстандын бийлиги тарабынан издөөдө жүргөн, 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити аталган шаардагы Кыргызстандын Башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасы менен жүргөн. Андан сырткары, социалдык тармактардан алынган маалыматтарга ылайык экөө жөн гана тааныш эмес бизнес-өнөктөштөр болчу деген божомолдор каңкууланды. Ал эми Эркин Сопоковдун уулу мурдагы УКМКнын кызматкери, 2017-жылы күч түзүмдөрү тарабынан “акча опузалоо” учурунда (с поличным) колго түшүрүлгөндүгү ачыкталып, кийин кайдан жайдан ким билсин Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун консультанты болуп иштегендиги билинип калган.
Булак: NazarNews.kg