www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү тармактуу комитеттин жыйынында эл өкүлдөрү "РусГидронун" арызын талкуулашты. Буга чейин жогорку Нарын каскадына королгон каражаттарды доолап «РусГидро» Гаага сотуна Кыргызстандан 37 миллион $ өндүрүп берүүсүн өтүнүп арыз менен кайрылган.   

Депуттатар жогорку Нарын каскадында болгон окуяга байланыштуу бийлик кандай чечим кабыл алгандыгын коомчулукка ачык айтуусун өтүндү.

Бул тууралуу эл өкүлү Айнуру Алтыбаева өзүнүн пикирин төмөнкүдөй билдирген:

- Курулуш кандай жүргөнүн тактап, канча жолу курулуштун көлөмү жогорулатылганын так билүү керек. "Эсеп палатасы" бизге канча жолу болгон аудиттердин так эсебин чыгарып бериш керек. Биз канча суммага доого жыгылып жатканыбызды так билишибиз керек. Гаага соту бул абдан олуттуу маселе. Ошондуктан алдын ала камынышыбыз керек, - дейт депутат.

Мындан сырткары Руслан Казакбаев жогорку Нарын каскадында депутаттык комиссия иштегенин жана аны Ата-Мекен фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматовдун жетектегенин айтып чыкты.

“Бул маселени дыкаттык менен текшеришибиз керек. Анкени ошол учурда бийлик бизге карыздарыбызды төлөй турган демөөрчүбүздүн бар экенин айткан”- деди Руслан Казакбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости