www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңеши аз күн мурун сууга жана канализацияга болгон тарифтерди жогорулатуу тууралуу долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Шаардык кеңештин депутаттарынын сунушу кабыл алынса, анда таза суунун бир куб метри бишкектиктер үчүн бир жарым эсеге кымбаттайт, тактап айтканда — 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин. Бюджеттик уюмдар үчүн тариф 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулатылат.

Ошондой эле, депутаттар каналазацияга болгон тарифти да көтөрүүнү сунушташты — анын баасы 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бааларды көбөйтүү боюнча сунуштун себебин депутаттар азыркы тарифтер өзүн - өзү актабайт деп түшүндүрүштү. Мэриянын маалыматы боюнча, «Бишкек суу канал» акыркы жылдары 80 млн. сомдон ашык чыгым тартып жатат, - дейт "Багыт.kg" гезити. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости