www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жоо кеткенде, кылычыңды ташка чап, жаңы жылдын кирип келээри менен эле чийки бышкан кодекстерин жарыялап, коомчулука жем болгондор өз күнөөлөрүн моюндарына алышып, болоору болду боесу канды, эми мындан кийинкилерин жакшылап бышыралы деген депутаттар, жакшылап от жагып баштаган сыягы.
Депутат Бакирдин Субанбеков кодекстерди талкулаган убакта, министерства менен ведомствонун башчылыгынан тактоо жооптору алынбаганын, ЖКга чакырылбаганын,эсинен чыгып калгандарга эскерте кетти.
"Биз бардык өлкөгө уят болдук. Убагында кунт коюп,жакшылап талкуу кылсак болмок экен"-дейт ал.
"Парламент шашылыш кабыл алды,а өкмөт оңдоп,түзөөгө жетишпей калды. Биз кабыл алдык, демек, өзүбүз оңдошубуз керек",- деп күнөөлөөрүн мойнуна алган ЖКнын депутаттарынын бири Мыктыбек Абдылдаев.
Шыкмаматов менен Алтыбаева бизге сунуш кылынган, кунөөлүүлөрдү издебестен, чечели.
" Биз дагы жоопкерчиликтүүбүз.Мындан кийинки күнөөнү бири - бирибизден издебестен,чогуу чечкенге аракет кылалы", - дейт Шыкмаматов.
2019 - жылдын 1-январынан Кыргызстандагы бир катар жаны кодекстер ишке кире баштаган. Ага коомчулук терс оюн билдирип, кабыл ала албай койгондугуна байланыштуу, кайра карап чыгууга берилген.
Булак:NazarNews.kg