www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Машина көп жүргөн жолду “кан жол” деп коюшат эмеспи. Анткени, адамдын тамырында жүгүргөн кандай, жолдо машиналар тынбай каттайт эмеспи. Бир күнү машина көп жүргөн жол менен түнү сапарга чыккан Байымбет эмнегедир бир жерге токтоп уктап алгысы келди. Анын себеби, эки жолу уктап кетип, жолдон чыгып кете жаздаган үчүн, эс алып алуу үчүн машинаны жолдун четине чыгарып, эшик терезесин бекитип, олтургучтун жөлөнкүчүн жаткызып алып, көзүн жумду.

Бирок, уктай албай бир топко жатты. Бир кезде машинасынын маңдайында турган караанды көрүп, көзү умачтай ачылып, терезеден сыртты караса эч нерсе деле көрүнгөн жок. Анткен менен жүрөгү кысылып, дем жетишпегенсип кетти. Бала кезинен “көрүмчү, албарсты” дегендерге ишенбеген жайы бар болгон үчүн, кайра чалкалай жатып көзүн жумду. Канча жатканын билбейт, көзү илинип кетиптир. Түшүнө чоң атасы кирип: “Балам, тур, талаага уктабай жүрбөйт белең” деп ачуусу келгенин билгизип айтканда, чочуп ойгонуп кеткен Байымбет маңдайында турган кара сөлөкөттү эми даана көрүп, коркконунан эмне кылышты билбей шалдырап эле олтуруп калды да, анан эсине келип, келме келтирип жиберип, көзүн жумган бойдон, бир топко ачкан жок.

Аңгыча маңдай жактан машинаны үнү угулуп калды. Көзүн ачса маңдай жакта чоң машина келе жаткан экен, эки фарасы күйүп. Бектемир ушул учурду күтүп тургансып, дароо машинасын от алдырып ордунан жылдырган кезде келе жаткан машина да жакындап калган болучу. Анын артынан калбай айдап, баягы жерден жылганда жакын жерде мүрзө бар экенин көрүп, чоң атасы түшүнө жөн кирбегенин билди. Ошол окуядан кийин өзүн кыйын сезип, “эч нерседен коркпойм” деп жүргөн Байымбет, кыргызчылыкка ишенип, намаз окуп, диндин шарттарын аткарып, бул жашоо сырдуу окуяларга бай экенин ой жүгүртүп, алиги көрүнгөн көрүмчү эмне экенине жооп таба албай келет.

Ошол окуядан кийин Байымбет сапарга чыгарда дайыма, жанына бир киши салып алган адатка айланды. Ооба, өзгөчө караңгыда сапарга чыккан киши жалгыз жүргөн болбойт. Анткени бирде болбосо бирде кырсыкка учурап же бир сырдуу окуяга кабылып калышы толук мүмкүн. Андан дагы талаа-түстө жүргөн айдоочулар эс алгысы келсе, эки жакты аяр карап, эски мүрзө байыр алган жерге уктабашы керек экенин эске салам деп Байымбет учурун келтирип айтып калды.

Чынында эле ушул кезде таксисттер алыс жолго күнү чыгып, түнү кайра келип калган учурлар көп болгон үчүн, жолдон уктап кеткен учурлар көп кездешет. Акча үчүн уйкудан калып, жолго чыккан айдоочуларга сабак болобу деген эле кеп.

Бирок, алиги көзүнө көрүнгөн көрүмчү ким болгонуна али күнчө эч ким жооп табылбады.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости