www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- "Экранда соңку кадрдай, сахнада алгачкы чыккандай элдин эсинде кал" деп бир атактуу актёрдун айтканы бар экен. Сейдакматовдун тасма жана театрда роль жаратканы туурасында кеп салсаңыз...
- Бекиндин таланты 99% болсо, эмгеги 1 % эле... Ал эки сферада тең жогорку профессионалдуулугун көрсөтө алган. Экрандагы кесипкөйлүгү өзүнчө кеп. Ал эми театрдагы чеберчилиги башка кеп.... Андан калса Бекин ар тараптуу талант эле.
Анын “Солдаттын тагдыры”, “Ак чардактар ыйлашат”, “Сапарлашыма” аталыштагы пьесалары ошол учурдагы мыктылардын мыктысы деп тандалган. “Мыскыл жана тамаша” долбоорунда дагы Асанкул Шаршенов, Келдибек Ниязов, Мукамбет Токтобаевдер менен биргеликте иштешип, бир топ сатиралардын автору болгон...
Тагдыр экен, кыргыз искусствосундагы үлкөн талант Бекин Сейдакматов менен бирге түтүн булатып калдым. Ортобузда бир кыз, эки уулубуз бар. Балдарын үзүлүп түшүп эркелетчү. Бакыт менен Каныкейге шахмат үйрөтүп, бир топ кароо сынактарга катышып да жүрүштү.
Элдер шахматисттин балдары деп коюшар эле. Кинорежиссёр Жалил Сооданбектин тасмасында үй-бүлөбүз менен роль аткарганбыз.
Күтүүгө чыдамым аз көрүнөмүн,
Күйүттүн ызасына чөмүлөмүн.
Алыста, жакын жерде жүрсөң дагы,
Ар дайым Бакытымды, Каныкейимди сагынамын деп ырдай берчү. Ошол бизден узап кетерин билгендей, тобоо... Кызыбыз Каныкей дагы кайтыш болуп калды... Бекин өз дүйнөсүнун мыйзамы менен жашаган бир башкача талант болчу. Ал убакта жылдыз деген түшүнүк жок эле.
Элдин сүймөнчүгү болгон мыкты актёр деп эле аташчу. Бекин Алматада окуп жүргөндө казактын атактуу актёру Нурмухан Жантуриндин колунда окуп калган. Бирок окуусунун аягына чыкпай дипломун да ала албай калды.
Өз дүйнөсү менен жашап, өз дүйнөсү менен кошо узап кете берди. Мезгилден өзү кош айтышып кете бергени менен анын жараткан образдары элинин эсинде түбөлүк кала берет.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg