www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жагалданган жылмаюуну пара деп эсептесек болобу? Болот. Анткени ким бийликке келсе дагы, жагалданган жылмаюсу менен жаккан БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова бар. Мурунку президенттер Атамбаев менен Жээнбеков анын жагалданган жылмаюсун жактырышса да, сырларын ичтерине ката турган.

Эмки президент сырын ичине ката албай Шайлдабекованы жаман көрүп жүрсөм, аябай жакшы адам экен деп үнү бүткүчө айтып алды. Ооба, бул президент камалып жатканда Шайлдабекованын мурунку президенттерге жагалдана күлгөнү жакчу эмес, кокус колума түшсөң көрөөрсүң деп кекенген сыяктуу, көрсө жагалдана жылмаюу парадан өйдө турбайбы?

Эми деле жыргаткан жок кылдырап калган кыргызды, экономиканы ойлобой, кызматтык машиналарын ойлогон депутаттарды жетинчи парламентке сүйрөп келди. Балким, президент минтип ырдамак беле:

Билесиң сырын «пачканын»,

Миллиондорду чачканың.

Эсинде калды кыргыздын,

БШК ордосу болуп акчанын.

 

Мандатты билип сата бер,

«Manу»син өзүң тата бер.

Кереги тиет качканда,

Миллиондор болсо, ката бер.

 

Иш кылбай жакшы кудайга

Элиңди салгын убайга.

Көтөрүлсө эл-журтуң,

Көчүп кеткин Дубайга.

 

Той бергин, ак төө союлсун,

Туугандын  бары тоюнсун.

«Безразмер» өпкөң бар эле

Дардаңда, эже чоюлсун!

 

Чалкала, эми, чалкала,

БШКны өзүң талкала.

Башыма менин иш түшсө,

Башыңды өзүң калкала.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости