www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары ант беришти. Ишке киришкендерине күбөбүз. Эскиси-жаңысы аралашкан бул чакырылыш кандай иштейт, кимдин дарамети канча? Аныгында убакыт көрсөтөт.
Бирок алдын ала эле жаңы парламенттин “чолпон жылдыздары” ким болорун болжолдоп билсе болот. Ал депутаттардын бири, албетте, Мирлан Самыйкожо. Абтандил Кулбараков, Дамира Ниязалиева баштаган олигархтарды таза утуп, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал райондорунун гана эмес, атпай кыргыз журтунун чыгаан депутаты болот (!) деп биз дагы үмүт кылып турабыз.
Акталаалыктар Мирлан Самыйкожону депутат кылып шайлап, акча, байлык, бийликтин гана оозун баспастан, партиясына “Бүтүн Кыргызстан” деп ат коюп, бирок айрым региондорго карата “таруусун” ичине каткан Адахан Мадумаровдун оозун жапты.
Шайлоо астында Мадумаров отурган жеринен акталаалыктарды мисал келтиргени каңкууланган. “Эмнеге ал жерден депутат чыкпайт? Анткени алар аракка жана акчага сатылат. Мен туулган жер менен Ак-Талааны бир тоо бөлүп турат, тоонун бери жагын адам билсе, аркы коктуну малдын семизи билет” деп айтканы ырасталат го?
Кандай болгон күндө дагы акталаалыктар Мадумаровго бул шайлоодо татыктуу жообун беришти. Мирлан Самыйкожо суурулуп чыкты. А сиздин айыл кимди шайлады Адахан мырза?..
Булак: Азия News гезити