www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Өзүн «кудай» катары сезген, Арстан Алай деген замандашыбыз бар, азыркы мыйзам боюнча ал эки жүз адам чогулта алса, диний агым түзүп, аны мыйзамдаштырып алып, өзүн «кудай» кылып эсептей берсе болот. Муну Орусиянын Мамдума депутаты Владимир Жириновский укса чачын жулмак. Көптөн бери кабыл алынбай жаткан «Дин тууралуу» мыйзам туура эмес жазылган. Бул мыйзамдын эң одоно кемчилиги : «Эки жүз адам болсо ар кандай диний багыттарды мыйзамдаштырса боло берет» - дейт. 8О пайыз ислам динин тутушкан Кыргызстанда бул туура эмес.

Кыргызстан светтик мамлекет дин мамлекеттен, мектеп динден бөлүнгөн, эсеп боюнча диний ишмерлер мамлекеттик, саясий зор орундарды көздөөгө болбойт. Бирок, «Дин тууралуу» мыйзам Чубак ажы Жалилов сыяктуу диний аалымдардын парламентке отуруп иштөөсүнө жол берет. Ошондуктан, эмки парламенттик шайлоодо Чубак ажы парламентке депутат болууну көздөп жатат. Чубак ажы депутат болуп кетсе диний түшүнүксүз суроолорго аалым катары ким жооп берет, динге каршы турушкандар менен ким көрүшөт?

Эмнеге "Дин боюнча мыйзам" көп жылдан бери кабыл алынбай жатканы, бул мыйзамдын бир беренесиндеги "2ОО адамдан ашкан адамы бар болсо диний агым болуп кабыл алынат" деген кычытмасы окшойт. Мейли Иусус менен сыймыктанган православие болсун, мейли адашып кудайды Теңирге алмаштыргандар болсун. Эки жүз адамды баптисттердин, иеговалардын, буддисттердин ар кандай багыттары, ислам динин жаман көрсөтүп жаткан террористтик уюмдар деле ушул мыйзамдын негизинде мыйзамдашып албайбы? Депутаттар баптист, экстремист-террорист, иеговалардан, буддисттерден колдоо табуу үчүн гана бул мыйзамды кабыл алгандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости