www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасы коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Аблыгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди. 

Өкмөт башчы жыйынды ачып жатып, коронавирустук инфекция чыккан  Кытай Эл Республикасында түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чаралар тууралуу айтты 

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан дароо чаралар топтому кабыл алынды: ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулду. 

Премьер-министр баса белгилегендей, өлкөгө ташылган айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Последние новости