www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Ысык-Көл районундагы Ананьево, Григорьевка жана Темир айылдарынан төрт үй-бүлө балдарын диний көз караштан улам мектепке бербей келген.

Учурда балдардын айрымдары мектепке бара баштады. Бирок Ананьево айылындагы Жыргалбек Асанбековдун үй-бүлөсү дагы эле эки кызын окууга жибербей жатат.

- Мектеп болбойт. Ал жакта исламдын эч кандай шарты аткарылбайт. Эркек балдар менен кыздар чогуу окуйт. Мен ушунча жылдан бери кыздарымды исламга тарбиялап жатам. Анан чогулткан эмгегимди көчөгө чачып жибербейм да? Бул Аллахтын өкүмү, өзүмдүн жеке позициям эмес. Аллахтын дини, ошон үчүн бекем турам, - деди кыздардын энеси Бактыгүл Абдрахманова.

Бактыгүл эки кызын сентябрь айында Сокулуктагы медресеге окууга жиберген. Бирок көп өтпөй үйүнө алып келип алган. Бул кадамына Ысык-Көл райондук администрациясынын медресеге жөнөткөн каты себеп болгонун айтууда:

​- “Жашы жете элек эки кыз Ысык-Көл районунан окууга келдиби? Ошолордун жайгашкан жерин бизге айткыла” деп жазыптыр. Бирок “окуп жатат” деген маалымкат бергиле” деп жазбаптыр. Кат келгенден кийин ал жакка айыл өкмөттөн киши барыптыр. Ал “кыздарды ата-энеси издеп жатыптыр, бул жакта окуганын билбейт экен” деп айткан экен. Медреседегилер “булар издөөдө жүргөн кыздар окшойт” деп ойлоптур. Катты көрдүм. Ошол каттан кийин эле кыздарым үйгө келип калышты.

Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Салтанат Мукамбаева кыздардын энесинин дооматын жөн гана шылтоо деп эсептейт.

- Биз ал жакка “Чын эле бардыбы, ошондой медресе барбы, ушул кыздар окуп атабы?” деп өтүнүч жөнөткөнбүз. Ошону бетке кармап, “силер издепсиңер, алып келдик” деген шылтоо тапты. Кыздарды өзү алып келиптир.

Мукамбаева кыздардын апасына мыйзамга каршы чыга берсе, энелик укуктан ажырап каларын да эскерткен.

Бактыгүл Абдрахманова ага карабай кыздарын медресеге гана окутарын айтып, көшөрүп жатат. Ушундан улам жергиликтүү бийлик анын 17 жаштагы кызы Мунараны Бишкектеги медреселердин бирине сүйлөшүп киргизмей болгон.

Ал эми 12 жаштагы кызы Гүлдананын медреседен билим алууга жашы жетпейт.

- "Гүлдана жоолугун деле салына берсин, бирок мектепке барсын” деп айттык. “Эркек балдар менен отурат экен, жибере албайм” деп болбой жатат, - деди Мукамбаева.

Ананьево айылынын социалдык адиси Гүлжамал Мамбетованын айтымында, учурда айыл өкмөтү Гүлдананы окуудан өксүтпөш үчүн мугалим жалдап, инклюзивдик багытта окууга тартууну көздөп жатат. Мугалимдердин акысын төлөп берүү жагы айылдык кеңеште чечилиши мүмкүн.

​- 12 жаштагы кызын мугалимге акы төлөп, үйүнөн окутканга аракет кылабыз. Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат. Акчасын айыл өкмөт, депутаттар менен чечебиз. Себеби, буларды сөзсүз түрдө окутуш керек болуп жатпайбы, - деди Гүлжамал Мамбетова.

Райондук прокуратура буга чейин балдарын мектепке бербеген ата-энелерге Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (“Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбай коюу") менен кылмыш ишин козгоп, сотко өткөргөн.

Ошонун негизинде бардык ата-энелерди Ысык-Көл райондук соту күнөөлүү деп таап, күйөөлөрүн жатак абакка кесип, ал эми “жубайлары кичинекей балдары 14 жашка чыкканда жазасын өтөйт” деп чечим чыгарган.

Ысык-Көл районунун прокурорунун орун басары Чолпонбай Абдылдаев эгер Бактыгүл Абрахманова экинчи кызын окутпаса, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

Асанбековдун үй-бүлөсү сот чечимин аткарган эмес. Буга байланыштуу быйыл январь айында прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (“Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбай коюу") жана 338-беренеси (“Сот чечимин аткаруудан баш тартуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Жыйынтыгында Жыргалбек Асанбеков менен Бактыгүл Абдрахманова күнөөлүү деп табылып, эки жылга кесилишкен. Ушул тапта үй ээси жатак абагында. Аялы болсо 12 жаштагы кызы 14кө чыкканда жазасын өтөйт.

Булак: "Азаттык"

Последние новости