www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Амантур Исмаилов (67 кг) дүйнө чемпионатынын коло байгесин утуп алды.  Үчүнчү орун үчүн беттеште ал грузиялык балбанды 17:8 эсебинде жеңди.

Ал 11-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Исмаилов 1/16 финалда венгриялык балбанды жеңип, 1/8 финалда ирандык балбанга утулуп калган.

Финалга Ирандын спортчусу чыгып, Амантуров коло үчүн мелдешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Кайталоонун биринчи раундунда кыргызстандыктын атаандашы алган жаракатынан улам беттешке чыкпай, Исмаилов финалдык 3-орун үчүн күрөшүү укугуна ээ болгон.

Коло үчүн болгон күрөштө Исмаилов грузиялык балбанга 0:5 жана 1:5 эсебинде утулуп калган, бирок ал өзүн-өзү тартып, 18:8 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти.

Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги экинчи медаль болду. Буга чейин Акжол Махмудов алтын тагынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости