www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУ планетадагы ар бир сегизинчи адамдын расмий эмес конуштарда жашайт жана 300 миллиондон ашуун адам үй-жайсыз калганын билдирди.
БУУнун маалыматы боюнча, турак-жай маселеси өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө гана тиешелүү эмес. Мисалы, АКШ сыяктуу бай өлкөлөрдө көптөгөн жаштар үй сатып ала алышпайт.
Дүйнөлүк Хабитат күнү жыл сайын октябрдын биринчи дүйшөмбүсүндө белгиленет. Ал бүткүл дүйнөгө ар бир адамдын ылайыктуу турак жайга болгон укугун, ошондой эле шаарларды жана башка калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске салууга багытталган.
2025-жылы бул күн "Кризис үчүн шаардык чечимдер" деген теманын алдында белгиленет. Бириккен Улуттардын Уюму аргасыз жер которуштуруу проблемаларын комплекстуу чечүүгө басым жасоодо.
Майрамга байланыштуу кайрылуусунда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш мындай деп жазган:
"Чыр-чатактар, саясий туруксуздук жана климаттык өзгөчө кырдаалдар 123 миллион адамды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур кылды, алардын көпчүлүгү шаарларда жана айылдарда коопсуздукту табуу үчүн күрөшүп жатышат."
Ал эффективдүү чечимдерди сунуш кыла ала турган шаарлар экенин баса белгиледи.
Эске сала кетсек, БУУ буга чейин дүйнөдө 733 миллионго жакын адам учурда ачарчылыктан жапа чегип жатканын билдирген. Маалыматтарга караганда, күн сайын бир миллиарддан ашык аш болумдуу тамак-аш ыргытылат. Мындай өлчөмдөгү тамак-аш ачкачылыктан жапа чеккендердин баарын күнүнө жок дегенде бир жолу тойгузууга жетет.
Асадбек Камилов, Ташкен