www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу боюнча айтылгандарга тиешеси жок экенин билдирди.

Буга чейин Оштун мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги макамы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга тоскоол болуп жатканын айткан.

Акаев Түлеев "Сулайман парк" соода борборунан Сулайман-Тоонун чокусуна чейин асма жол курууну сунуштаганын да билдирген.

Ал эми Нариман Түлеев бул маалыматты четке какты. Айтымында, Акаев менен бейрасмий сүйлөшүү болгон. Анда шаарды өнүктүрүү, аймакты көрктөндүрүү жана тарыхый мурастарды сактоо тууралуу жалпы идеялар талкууланган.

Түлеевдин айтымында, Сулайман-Тоого асма жол куруу мурдатан эле айтылып жүргөн, Акаев менен сүйлөшкөндө болгону сөз арасында гана кеп кылышкан.

“Мен асма жол боюнча эч кандай долбоор сунуштаган эмесмин. Ошондуктан бул маселе боюнча ЮНЕСКОго эч кандай кайрылуу, документ же демилге жөнөтүлгөн эмес”, — деп жазган Түлеев.

Последние новости