www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп коргоо министри Марк Эсперди кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койду. Буйрук кол коюлар замат күчүнө кирди.

Эспердин ордуна коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп Террорго каршы күрөшүү улуттук борборунун директору Кристофер Миллер дайындалды. Бул тууралуу Трамп "Твиттерге" жазды.

Белгилей кетсек, 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып келаткан Трамп Пентагон башчысын эмне себептен жумуштан алганы тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости