www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы “Дөңгөлөк” кармалды дегенден тышкары Балыкчыда катылып жаткан жиптей болгон чоң дөңгөлөктөр бар экен. Ал дөңгөлөктөргө да сыягы кишен салыныш керек окшойт. Эми бул дөңгөлөктөрдүн таржымалы мындай ....
Бүгүнкү күндө Балыкчыдагы “Автовнештранста “2500 дөңгөлөк , оттук жактан кирип келе жатканда шаардын кире беришинде 200 – 300 дөй , “Нефтебазанын” ичинде 150дөй дөңгөлөктөр катылып үйүлүп турат. “Сиб Азия нефть “деген фирма бул дөңгөлөктөрдү “Кумтөр” менен утилизация деп келишим түзүп алып чыгып кеткен да кайра башка жерге эле барып үйүп койду. Дөңгөлөктөр документтердин негизинде утилизацияга кетиш керек эле бирок кандайдыр бир себептерден жана кызыкчылыктан катылып турат окшойт. Биз кеп кылып жаткан дөңгөлөктөр боюнча Караколдун прокуратурасы иш козгогон анан жиги билинбей иш жабылып калган. Бул жерде “Кумтөрдөн” сурай турган маселе бар. Эмнеге “Кумтөр” жоопкерчилиги чектелген юридикалык фирмаларга эле утилизация кылууга уруксат бере беришеби? Талапка ылайык бул дөңгөлөктөрдү “гидравлический ножницалар” менен кезиш керек да . Ал үчүн утилизация кылчу заводу болуш керек . “Кумтөр” мындай талаптарды эмнеге караган эмес?-деген суроо туулбай койбойт. Ортодогу баягы кыргызбайлар олтуруп алып “движенияны” кылып жатат да. Эгерде 2026-жылы “Кумтөр” жабыла турган болуп жатса жараксыз жайнаган дөнгөлөктөрдү ушундай жол менен Көлдүн ар кайсыл жерине үйүп сала береби? Туугандар, мындан сырткары “Кумтөрдө” желим бөтөлкө, (баклашка), желим баштыкчалар, сантехникалык желим трубалар, уу калдыктары, радиация болгон темир тезектер ошол жакта сакталып турат. Текшере турган, сурай турган нерселер көп. Утилизация деп кимдер кайсыл жакка алып кетип жатат? Аны көмүп жатышабы? Бул өтө кооптуу маселе. ”Кумтөр” лицензциясы, келишими, уруксат кагазы бар заводор менен иштешпесе анда бул жерде көмүскө кылмыш бар. Ал эми эчак эле утилизацияга кеткен жиптей болгон дөңгөлөктөрдү катып олтурган эргулдарга бийликтин мыйзамдын колу жетеби? Коомдук талап мындай бул катылып жаткан дөңгөлөктөр, таштандылар документтердин негиздеринде тез арада утилизация болуш керек. Экотехинспекция, УКМК, прокуратура, күч органдары буга көзөмөл кылышса жакшы болот эле. Андыктан айрым "өпкөсү" жок аткаминерлер дөңгөлөк жегендерди кустурсаңар радиация чыгат, өлкөнү ойлогула.
Аманбол Бабакулов, NazarNews.kg