www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башың-баш,багалчагың кара таштан,
Бачагар,барга айдаса жокко качкан.
Кан жолдо канжыгадан жолугарбыз,
Кайрымсыз апат күнгө бара жатсаң.

Кезинде мени белге тепкен кыргыз,
Кемсинтип кешигимди төккөн кыргыз.
Кыжаалат болуп турсам атым чарчап,
Кылчайып карап койбой өткөн кыргыз.

Өтүгүн өнөргердин чечкен кыргыз,
Манчыркап мансабына кеткен кыргыз.
''Оозуна киргенди оттоп сүйлөбө" деп,
Ороңдоп сакалдуусун сөккөн кыргыз.

Бозоруп жолдо калсам, боорун тырмап,
Борсулдап күлгөн кыргыз жаны жыргап.
Ырысын кыйган далай ынагынын,
Ыбырсып, ыман-дилге ниет булгап.

Ар жерге айылчылап барган кыргыз,
Ар кимден карыз-коола алган кыргыз.
Балтыр эт байлана элек ымыркайын,
Бага албай башы айланып калган кыргыз.

''Бийлик''-деп, бир тууганын аткан кыргыз,
''Мансап''-деп, максатташын саткан кыргыз.
Жардынын чокой боосун бөлүшө албай,
Жагжандап жакалашып жаткан кыргыз.

Оолукма опур-топур-кара кыргыз,
Орусча туш жооруган-чала кыргыз.
Кыйтыйып жумуртканын кырын тапкан,
Кылтакчы кызыталак-ала кыргыз.

Калчаган журт тагдырын кашка кыргыз,
Калкынан ой-максаты башка кыргыз.
Өйдө-ылдый, өөдүк-сөөдүк табылгасын,
Өзгөгө таңуулаган шашма кыргыз.

Турамын үзүр сурап баарыңардан,
Чал-чабыр, кемпир-кесек карыңардан.
Бийликтин ''талпагына'' минип алган,
Мине элек бозой-уландарыңардан.

Карыптык башка түшүп заман таарып,
Кайрадан эски жара жаңыланып.
Бейдарек белде калсам ач-жылаңач,
Солкулдап сокур көздөн жаш чыгарып.

Таарынбайм-тастактатып өткөнүңө,
Арданбайм-арзан сатып кеткениңе.
''Ашмалтай ата мурас шыбагам''-деп
Кейибейм кендиримди кескениңе.

Кайылмын кабыргамды сөккөнүнө,
Үшкүрбөйм үмүт оту өчкөнүнө.
Мазактап сакалымды, чапанымды,
Макулмун максатына жеткенине.

Алкайын ак тилектен бата кылып,
Тартайын азабыңды таңда туруп,
Өзүңө өмүр сурап, өрүш сурап,
Өтөйүн жаратканга кулдук уруп.

Эгер сен эл мүдөөсүн самай алсаң,
Ааламга адил тиктеп карай алсаң.
Жалтанбай Ата Журттун ар намысын,
Жалаадан сактаганга жарай алсаң.

ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ.

Нургазы Мусаевдин расмий баракчасынан алынды...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости