www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: Дүйнө пандемиянын эң кооптуу учуруна жетти

"Дельта" штаммынын айынан дүйнө ушул тапта коронавирус пандемиясынын эң оор стадиясында турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди

Анын айтымында, бул штамм дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндө табылып, дагы деле мутациясын токтотпой жатат.

"Дельта" штаммы дүйнөнүн көп өлкөсүндө үстөмдүк кылып турат. Бирок медицина ага гана "байланбай", коронавирустун жаңы, мындан дагы кооптуу болушу мүмкүн болгон штаммдарын карап, алар менен күрөшүүгө даяр турушу керек. Учурда вирусту эрте аныктоо, ооругандарды обочолонтуу боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Антпесе дүйнө өтө кооптуу абалда турат", — деди ДССУ жетекчиси.

Мындан тышкары, Гебрейесус дүйнө коомчулугун каргаша менен өз алдынча күрөшпөй, бири-бирине дары-дармек, тест системалары жана жасалма дем алдыруучу аппарат жагынан жардам берүүгө, эмдөөнү тездетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости