www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуларында жүк ташуучу унаалардын кезеги азайды, абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.
Бүгүн саат 12:00гө карата "Ак-Тилек" пунктунан өтөйүн деп кезекте 50 гана жүк ташуучу унаа турат. Кечээ 119 автоунаа токтоп турган. Адатта дем алыш жана базар күндөрү тыгын көп жаралары белгиленген.
Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү-көзөмөл пунктуларында мындай тыгын катталган эмес.
Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти.
Булак: NazarNews.kg