www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда коалициялык өкмөт тууралуу келишимге кол коюлду. Анын айтымында, эки жумадан кийин Олаф Шольц канцлердин кызматына киришет. Германиянын үч партиясы — Германиянын Социал-демократиялык партиясы, Жашылдар жана Эркин демократтар коалиция түзүүгө макул болушту. Бул тууралуу Deutsche Welle билдирди. Жаңы канцлер болуп Германиянын Социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Олаф Шольц дайындалды. Анын шайлоо процесси болжол менен эки жумадан кийин, 8-декабрда болот деп күтүлүүдө.

Der Spiegel басылмасынын жазганына караганда, тышкы иштер министринин милдетин Жашылдардын теңтөрагасы Аннален Бербок аткарат. Буга чейин ал «Түндүк агым-2» газ куурунун курулушуна бир нече жолу каршы чыккан. Эркин демократтардын лидери Кристиан Линднер жаңы каржы министри болору айтылууда.

63 жаштагы Олаф Шольц акыркы үч жыл бою Ангела Меркелдин өкмөтүндө канцлердин орун басары жана каржы министри болуп иштеген.

Германияда шайлоо 26-сентябрда өткөн. Германиянын Социал-демократиялык партиясы, Жашылдар жана Эркин демократтар ортосундагы коалициялык сүйлөшүүлөр октябрдын аягынан бери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек Олаф Шольц, 1958-жылы 14-июнда Оснабрюкте (Германия) туулган. Германиянын саясий жана мамлекеттик ишмери. Гамбургдун биринчи бургомистри (2011-2018). Германиянын эмгек жана коомдук иштер министри (2007-2009). Германиянын вице-канцлери жана Германиянын каржы министри (2018-2021) кызматтарын аркалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости