www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту дүйнө жүзүнө таралуу коркунучу жогору экендигин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу “Интерфакс” европалык ММКна шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун коркунучу канчалык даражадалыгын өз докладында билдирди. Уюмдун маалыматына караганда: “Кытайда оору коркунучу өтө жогору, региондук деңгээлде, дүйнө жүзүнүн деңгээлинде жогору”,-экендиги айтылды.

Буга чейин оорунун даражасы дүйнө жүзү үчүн “орточо” коркунуч жаратып жаткандыгы маалымдалган.

Эске сала кетсек, коронавирустун  азыркы учурда вакцинасы табыла элек. Оору жаралып, таралган Ухань шаарынын базары санитардык талаптарга жооп бербегендиги, базарда ааламдагы ар кайсы өлкөлөрдөн 112 түрдүү жаныбар алынып келип, эти сатылып турганы кабарланды.

Маалыматтарга караганда Эбола, куш тумоосу чыккан мезгилде Кытай бийлиги аталган ооруларды изилдөө үчүн акыркы үлгүдөгү лабороторияны  дал ошол Ухань шаарына курушкан, вирустун дал ошол шаардан тарагандыгын айрым эксперттер тагдырдын тамашасы деп аташууда. Оору лабороториядан тарашы мүмкүн эмес, себеби лабороториянын эрежелери катуулугун айтышып, андан тараса, “алгач дарыгерлер каза болмок” деп билдиришти.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости