www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Коннектикут штатынын Бриджпорт шаарында кечээ, 27-январда сот имаратынын алдында ок атышуу болду. Натыйжада 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу New York Post басылмасы сот аппарытынын кызматкерлерине таянып, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Ал эми кылмышкерлердин кармалышы тууралуу маалымат берилген эмес.

“Коннектикут штатынын полициясы Бриджпорт шаарынын полиция кызматкерлерине сот имаратынын алдында ок атышууну иликтөөгө жардам берет”,-деп айтылат маалыматта.

New York Post басылмасы белгилегендей, бир жыл мурун ушул эле сот имаратынын алдынды ондон ашык адамдын ортосунда мушташ болгон. Натыйжада бир сот аппаратынын кызматкери жабыркап, мушташтын үч катышуучусу кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости