www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Forbes  журналы быйыл дүйнөдөгү эң кирешелүү спортчулардын тизмесин жарыялаган. Тизмеде көбүн эсе баскетбол, гольф оюнчулары орун алган.  

5. Кевин Дюрант-Баскетбол. Дүйнөдө эң көп киреше топтогондордун 5-сабында баскетбол боюнча НБАнын суперфорварды Кевин Дюрант турат. Анын жылдык кирешеси 60,6 миллион АКШ долларына барабар. 2016-жылдагы Рио-де-Жанейродогу олимпиада оюндарындагы эң кымбат спортчу болуп таанылган.

 

4. Роджер Федерер-Теннис. Роджер Федерер гана 2017-жылдан бери теннисчилер арасында эң көп кирешелүү спортчулардын катарына кирет. Анын бир жылдык кирешеси 64 миллион АКШ долларын чапчыган. Mercedes-Benz, Credit Suisse банкы, Rolex, Gillette жана Nike компанияларындагы жарнамалык роликтери үчүн эле Федерер жыл сайын көп миллиондорду капчыгына салып турат.

3. Лионель Месси-Футбол. Ал эми эң кирешелүү спортчулардын үчилтигин “Барселона” футбол клубу жана Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Месси ачат. Анын кирешеси 80 миллион АКШ долларына барабар. Месси 2008-жылы Пекиндеги Олимпиада оюндарында ойноп Аргентина үчүн алтын медалды уткан.

 

2. Леброн Джеймс-Баскетбол. НБАнын эң мыкты оюнчусу. Кирешеси 82,6 миллион АКШ долларын чапчыйти. Эмдиги жылы бул жылдын эң бай спортчусун рейтингден сүрүп чыгарууга бардык шарты бар. Джеймс, Nike менен түбөлүктү келишимге ээ жана Кока-Кола, Kiaнын жүзү.

Криштиано Роналдо-Футбол. Ал эми дүйнөнүн эң баалуу жана кирешелүү спортчусу наамы быйыл Криштиано Роналдодо. Анын кирешеси 93 миллион далларды түзгөн.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости