www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигин колдоосу менен Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясында Түркиядан Кыргызстанга Эбру сүрөт искусствосун таанытуу максатында келген Эбру жана миниатюра искусствосунун мастери Суна Кочалдын мастер классы көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин Басма сөз кеңешчилиги билдирди.

Аталган иш-чарага Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясынын мүчөлөрү катышышты.  Эбру сүрөт техникасы менен жакындан таанышып, өздөрү каалаган түстөр менен эбру сүрөттөрүн тартышты. Иш-чарадан кийин  катышуучулар жасаган эмгектерин сүрөт алкактарына салып, сатууну көздөшүүдө. Сатылган сүрөттөрдөн түшкөн каражат ошол эле ассоцациянын муктаждыктарына жумшалат.

Белгилей кетсек, майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы коомдук бирикме болуп эсептелет. Ассоциациянын максаты - жашоо стандарттарын жакшыртуу менен кыймыл-аракет системасынын бузулушунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көз карандысыз жашоо мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости