www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызда «эчки тууй албай жатып койго арачы болот» деген жакшы макал бар. Дал ушул арачылык милдетти «Өнүгүү-Прогресо партиясынын депутаты Тазабек Икрамов аткарып жатат. Ал: «Иса Өмүркуловду партиядан чыгарып салуу мыйзамсыз болду. Эгерде Иса Шей-шенкулович соттошо турган болсо, сот анын тарабында болот», - деп билдирди.
Өзү эле соттун милдетин аткарып «чечим мыйзамсыз» деп айтканы акылга сыйбайт. Бул билдирүүсү менен деңгээли тайыз кенин айгинелеп салыптыр. Кезинде дал ушул Икрамов баштаган «Өнүгүү-Прогресо фракциясынын депутаттары фракция лидери Бакыт Төрөбаевди лидерликтен алып түшөбүз деп интрига кылышып, жыйынтыгында өздөрү фракциядан чыгарылып «ит» болушкан.
Эң кур дегенде, элге акыл айтып, сын-пикир билдиргенден айланамбы деп ошол өз башындагы төөну карап койсо болмок экен.
Булак: "Ачык саясат"