www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы Пионер чокусунун аталышын ШКУ чокусу деп өзгөртүү боюнча маалыматка комментарий берүүдөн баш тартып, расмий түшүндүрмөнү күтүүгө чакырды.

Буга чейин айрым жергиликтүү ЖМКларда Пионер чокусуна ШКУ чокусу деген жаңы аталыш берилгени тууралуу маалымат тараган.

Маалыматта чоку Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата өзгөртүлгөнү айтылган.

Ошондой эле Эдуард Кубатовго таандык делген «ШКУ аймакта тынчтыкты орнотууга чоң салым кошкон» деген сөздөр жарыяланган. Бул маалымат социалдык тармактарда ар кандай пикирлерди жаратты.

Reporter.kg агенттигинин кабарчысы комментарий алуу үчүн Эдуард Кубатовго кайрылган. Ал маселе боюнча расмий маалыматты күтүүгө чакырды.

«Расмий түшүндүрмөлөрдү күтүү керек. Жакынкы убакта бул маселе боюнча расмий маалымат берилет», — деди Кубатов.

Чокуга аталыш берилгени тууралуу буга чейин ЖМКларда маалымат тараганын журналист тактаганда, агенттиктин жетекчиси: «Расмий түшүндүрмөлөрдү күткүлө», — деп жооп берген.

Белгилей кетсек, Пионер чокусу Бишкекке жакын жайгашкан Ала-Арча капчыгайындагы тоо чокуларынын бири.

Анын бийиктиги болжол менен 4050 метрди түзөт.

Последние новости