www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фергана облусунда райондук сот автоунаа жуучу жайда жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча кылмыш ишин кароодо. Эки жергиликтүү ишкер 13 жашар кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө айыпталууда.

Сот материалдарына караганда, кыз 10-майда автоунаа жуучу жайда зордукталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары боюнча жабырлануучуну бир эле учурда эки киши зордуктаганы аныкталган.

Алдын ала тергөө учурунда кызга физикалык күч колдонулганы айтылган. Бирок Бешарык райондук сотунун катчысы жабыралуучунун сабалганы тастыкталбаганын билдирди:

– Анын денесинен ур-токмоктун белгилери табылган эмес. Сот учурунда кыз өз каалоосу менен жыныстык катнашка барганы такталды. Мындан тышкары алар кызга беш миң сум ( бир доллардан аз) беришкен. Психиатордун бүтүмүнө ылайык, 13 жаштагы кыздын акыл-эси ордунда болгон. Бирок бул жумшартуучу кырдаал болуп эсептелтейт.

Ал ортодо 13 жаштагы кыздын адвокаты ишкерлер кызды алдап коюшканын, ал өз эрки менен жыныстык катнашка барбаганын билдирүүдө.

Соттун кийинки отуруму келерки жумага белгиленди. Жабырлануучу өспүрүм болгондуктан, жараян жабык өтүүдө.

Булак: "centralasian"

Последние новости