www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке мэр болгондордун арасында элге кызмат кылып, аларга Сталин, Хрущев, Брежнев, андан бери Андропов, Черненко, Горбачев бербеген үйлөрдү куруп, ардагерлерге берген, капчыгын ойлогондор да четинен табылат:

Эрмек Нургазиев

«Тууганы эле болбосо,

Тумшукка койчу адам» - деп.

Камчысын турган үйүрүп,

«Катынды дайым сабайм» - деп.

 

Аял жакка жооп билет,

Кызыл камчы, сок билек.

Отуруп жатып, отурбай,

Ордунан кеткен котурдай.

Эки саат Бишкекке мэр болгондор 2020-жылдын октябрындагы башаламандыкта көп эле болгон. Аттары да эсте калбай калды. Ал эмес алар Бишкекке мэр болор менен алды буйруктарын чыгарууга үлгүрүп калышкан.  Алардан кем калбай «Кыргызстан» партиясынын лидери Шаки дагы бир «Кызыл камчыны» таптайт. Шаки адвокат Ольга Новохатскаяны жаактан ары бир чаап, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн, элге эрмек боло турган «Кызыл камчыны» Бишкек мэрине алып келет. Ал Эрмек Нургазиев эле. Анын жөн-жайын уккан Бишкектин аялзаты чачын жула баштаган, күйөөлөрүнөн таяк жебегени менен бөөдө Эрмек эрмектеп сабап коюшу бышык эле, бул эми аялдарды жанчып иштей баштарда, эки саат ичинде былыгы билинип, отура элек жатып мансабынан айрылган. 

 Балбак Түлөбаев

Октябрдагы башаламандыктан соң Ысык-Көл губернаторлугунан жутунуп Бишкек мэрине келген трайбалист Балбак Түлөбаев кыйратып деле иш бүтүрбөгөнү менен, мактануу жагынан соцтармактардын атактуу блогерине айланган. Шакинин байлыгы көптүрдүбү, ал эмес  Момбековго окшогон «момун депутаттарга» да жаккан жок. Парламент менен болгон чыры аны Бишкек мэринен алып түштү.  Парламент деле кыйратып ийген парламент эмес, мыйзам боюнча анын иштөө мөөнөтү 2020-жылдын октябрында эле бүтмөк. Октябрдагы чыр-чатактан улам жаңы шайланган жетинчи парламентке Шайлдабекова бата бере алган жок. Ал эми баштарын ар кайсы балчыкка тыгышып, жашынып жаткан «чимкирик парламентке» жаңы өкмөт башына келген Садыр Жапаров уруксат берди эле, булар бир –аз көнүп алган соң дердеңдей башташты. Ошондуктан, «Маңкага бучук үйүр» дегендей, мурун губернатор болуп туруп «хамалеончо» өзгөрүлүп Бишкекке мэр болуп дардаңдай баштаган Балбак Түлөбаевге азуусун көрсөтүп коюшкан. Балбак Түлөбаевдин сөзү боюнча, ал башка жумушка кетүү үчүн, өзүнүн каалоосу боюнча арыз жазган. Кайдагы каалоо, баскан-турган жери палоо болуп турса, Бишкекте вице-мэр Жамалбек Ырсалиевке окшогондор Ош базарын тазалап кумурскача күжүрмөн иштеп жатса, Балбак балбактабаганда ким балбактайт? Ош базарында эл-журтка жаман көрүнүп мыйзамсыз күркөлөрдү жоготуп жаткан Жамалбек мырза тууралуу жакшы кеп айтылбайт. «Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска» деп аты Балбакка калмак.  Жакшылык менен жамандыкты ылгабаган Балбак Түлөбаев ким бийликке келип президент болсо Шаки экөө ийилип кошомат кылышып, жакшы орундарды алып келген. Аскар Акаев президент болгондон бери бул экөөнүн иштебеген мыкты кызматтары калбады. Бийлик алмашкан соң кээ бирөө өзүн-өзү люстрация кылып беттери  чымырап калат экен. Ал эми Балбак Түлөбаевдин бети чымырамак турсун улам-улам тултуюп, 100% мэр болбогондон кийин өзүнө тиешеси жок  маселелерди көтөрүп, куйругун каалаган жерге тыкты. Бүгүнкү күндө бул баягы бийлик бутагына эле кошоматчылык кылам деген ойдо  кылганы менен көпчүлүктүн жек көрүүсүнө дуушар болгонун түшүнгөн жок.  Буга чейин Шаки менен  көп кызматтарда иштеген, жакында эле тууганчыл Түлөбаев көлдүк болуп Садыр Жапаровдун жакын иниси болуп жатат. Көлдүк болгондон кийин ага-ини боло берет. Бул трайбалисттин кызматка келгенден бери түп тамыры менен оюу, кылып жактан иши башка. Иш жүзүндөгү эле ишти кылып жатпаса башка эч нерсе кылган жок. Эмне конкреттүү элге көрүнүктүү иш кылды? Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп жүргөндө гуманитардык жардамга келген азык-түлүктөр элге таратылбай дүкөн, камок, маркеттерге барып жатканы тууралуу эл видеого тартып алып көрсөтүшүп турчу. Азыр пандемия убагында ким кандай пайда көргөнү тууралуу жазасын ала баштады. Гумжардамдарды дүкөндөрдөн сатып байыгандары тууралуу да убакыт келсе айтылар.

Нариман Түлеев

Нариман Түлеев 2008-жылы жазында Бишкекке мэр болуп дайындалат. Бирок анын күчтүү атаандашы бар эле, ал Алмазбек Атамбаев премьер-министрлик кызматтан бошоп, Германияда дарыланып жаткан ал кездеги президент Курманбек Бакиевге барып, Бишкек мэрин сураптыр деген кеп тараган. Арийне, Бакиев Атамбаевдин акчасына караганда Түлеевдин иш-дараметин туура баалап, аны Бишкекке мэр кылат. Атамбаев президент болгон соң Нариман Түлеевдин артына жалган жалаа үйүп каматканы белгилүү. Бишкектин жашоочуларын тейлөө максатында Кытайдан жаңы автобустарды алып келгени үчүн кордук көргөндөрдүн бири. Учурда үч соттун тең – борбордун Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку сот тарабынан экс-мэр Нариман Түлеевге чыгарылган өкүмдөрү жокко чыгарылды.

2009-жылы ал муниципалдык нан бышыруучу наабайкананы ачып, шаардын ар бир районундагы аярлуу катмардагы жашоочуларга өз наркы боюнча нан таратылып турган. Нариман Түлеев  Бишкекте мэр болуп турганда тарыхта биринчи жолу Бишкекте үйгө кезекте турган жөнөкөй жашоочулар үй алышкан. Буга чейин мындай иш шаардын тарыхында болгон эмес. Депутат болуп келсе ушундай иштерди кайра жандандырса болот. Бизде кандай президент келсе деле биринчи милиция кызматкерлерине, сотторго, атайын кызматтардын кызматкерлерине үйлөрдү беришет. Себеби төңкөрүш болсо алар сактап калат деп ойлошот. Алар сактабай, биринчи качаарын канча жолу көрдүк. Анан эле баягы мугалимдер, дарыгерлер каралбай калып жатпайбы. Ковид пандемиясы дарыгерлердин чыныгы абалын көрсөттү го. Маданияттын адамдары да ушу кезге чейин каралбай келүүдө. Ушуларга абдан көңүл бурушубуз керек. Алар Нариман Түлеев   бир кезде кандай көңүл буруп келгенин билишет. Убагында мугалимдерге, дарыгерлерге жана маданияттын адамдарына берели деп бир нече миңдеген жер участокторун берүү планы болгон. Революция болуп кетип ал план ишке ашпай калды. Эгерде ошол кезде жер участоктору мугалимдерге, дарыгерлерге, искусство адамдарына тийип калганда, азыр алардын баарынын үй-жайы болуп калмак. Бирок азыр деле мугалимдер, дарыгерлер, маданият тармагынын өкүлдөрү Нариман Түлеевди  колдошсо, ал берген убадасын аткарып, муниципалдык үйлөрдү  аларга куруп берип, башка муниципалдык кызматкерлерди да үй менен толук камсыз кылып, Бишкекте кезекте тургандарга да турак-жай бериши мүмкүн.

Нариман Түлеев   иштеп турганда Бишкекте 56 эле Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери калган. Аларга Сталин, Хрущев, Брежнев, андан бери Андропов, Черненко, Горбачев бербеген үйлөрдү тарыхта биринчи жолу Түлеев куруп, ардагерлерге берген. Себеби 70 жыл союздун курамында жашап алар үйгө жетпей келишкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости