www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында, 2019-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Жумушчу жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин делегацияларынын практикалык кызматташуусу боюнча пикир алмашуу болду. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынын 80 жылдыгына байланыштуу ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин биргелешкен Билдирүүсү кабыл алынды. 

Ошондой эле ушул жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө маселе талкуунун предмети болду, анда кийинки сессия аралык мезгилге Уюмдагы төрагалык Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости