www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Экмат ага, "Бажы биримдигине киргенден кийин контрабанда көбөйдү" деген лйду айтып жатасыз. Маселени ЕАЭБдин алкагында чечкенге болбойбу? 

-- Бажы биримдигине киргенден алты айдан кийин эле контрабанда көбөйө баштады. Ун болобу, кантпы, күйүүчү май болобу, баары контрабанда жолу менен кирүүдө. «Газпром» күйүүчү майга болгон бааны көтөргөңдөн кийин анын баары кымбаттады. Биздеги ун мекемелер токтоп калды. Ишкерлер Россияга кетти. Беш миңдей адам ишсиз калды да, сыртка чыгып кетишти.

Өткөндө иш сапар менен Ошко барып, базарларды кыдырсам, бир кап да биздин ун жок экен. Баарын Казакстандан келген ундар басып кеткен. Анын баары бажы төлөмдөрү төлөнүп кирген азык-түлүкпү? Контрабанда да. Эсептеп көрсөк, бери жагы бир миллиард сом бажы төлөмдөрүн ала албай жатабыз. «Мектеп салалы, жол салалы десек, акча жок» дейбиз. Акчанын баары мына ушул жерде жатпайбы. Тийиштүү тармактар боюнча жаңы министрлер келди, эми кандай болор экен десек, «укук коргоо органдарын чогултабыз, айтабыз" дешет.

Аларга айткан менен чечилбейт. Канчалык айтсаң, ошончо байыйт алар. Ал иштерди чечкиндүүлүк менен, экономикалык лжол аркылуу чечүү керек. Механизмди иштеп чыгыш керек. Керек болсо ЕАЭБдин алкагында көтөрүү зарыл. Панкратовго чек ара боюнча он жолу ар кандай багыттагы сунуштарды киргиздим. Чек арадан унаа өттүбү, токтотуп, документтерин кылдат текшерүү абзел. Салыгын төлөсүн да. Айтып атып тажадым. Эч кимге кереги жок сыягы. Контрабанданы тыймайын, экономикалык абалыбыз жакшырбайт.

Булак: "Aзияnews"

Последние новости