www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамырова Бөдөш, депутат : Жакында эле эң кымбат адамынан ажыраган  “Борбордук Комиссиясынын Төрагасынын орун басары - Абдыжапар Гапыровичке" көңүл айтты:

Урматтуу Абдыжапар Гапырович, Сиздин апаңыздын арты кайырлуу болсун, көнүл айтам! Ажалга айла жок экен, бул жалган жашоодон апаңызды - чыныгы жашоосуна узатып жатасыз...

Мен билгенден, сиз апаңызды жакшы карап, бапестеп, көнүлүн алып, кайрымдуу уул катары урмат-сый көрсөттүңүз.

V чакырылышта коллеге болуп беш жыл иштештик. Кайда болбо, иш-чаралардан сүйлөшүп олтурганда апаңыз жөнүндө көп угаар элем. Тарбиясына, көргөн камкордугуна, өзгөчө мүнөздөрүнө басым койуп «апам» деп, өзгөчө бир сыймыктануу менен айтаар элеңиз!

Албетте, сиз үчүн оор жоготуу...

Канча болсо да ата-энең жанында жүрө берсе гана! Бул жараткандын буйругу – айла жок.

Эненин балага болгон сүйүүсүндөй жер жүзүндө сүйүү жок. Баласы үчүн санаа тартып, басса-турса анын амандыгын тилеген бир гана эне эмеспи.

Ал эми ата-энебиз “жараткан балдарыма топурак буйрусун” деп, өмүр бою тилек кылат. Апаңыздын ошол тилеги кабыл болуп, акыркы сапарга өз колуңуз менен узатып жатасыз. Кайраттанып, сабыр кылыңыз!

Апаныздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, арты майлуу-сүттүү болсун!!!

Сизди дагы уул-кыз, неберелериңиз ардактап, урмат-сый көргөзгөн бактылуу карылыкка жетиңиз.

Үй-бүлөө жакындарыңыз менен аман болуп, апаңыздын арбагы ыраазы болсун!!!

Жараткан жакшы күндөрдү насип этип, сабыр берсин!!! ”, - деди Мамырова Бөдөш Аманбаевна.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости