www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 200дөн ашуун партия бар. Алардын 90 пайыздан ашыгынын аты бар, заты жок. Кыскасы, эки адам эле партия түзө беришкен. Эми бул партиялар аз келип жаткансып, “Улуу журт” деген дагы бир партия түптөлүп, анын алгачкы жыйыны Балыкчыда болуптур. Бул партиянын сап башында легендарлуу парламенттин төрагасы болгон Медеткан Шеримкулов, мурунку транспорт министри Аргынбек Малабаев турат экен. Төрагасы азырынча айтыла элек. Шеримкуловдун элге берчү эч нерсеси калган жок. Дүжүрлүгүн токтотуп небере-чөбөрөлөрүн эркелетип, үйдө эле олтурса болмок. Эми булардын максаты эптеп кызматка жетүү. Бирок жетиш кыйын. Малабаевдин болсо Жээнбековдорго куда экени буга чейин көп айтылган. Эмнеси болсо да , убакыт көрсөтөт эмеспи.
Булак: «Багыт»