www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тээ Бакиевдин учурунда министр болуп, тартип сакчыларын колго алып, алардын талабына жооп бергендей иштерди аткарган Молдомуса Конгантиев мырзаны, тартип сакчылары берилүү менен мактап “анын учурунда тартип орноп, иш да алдыга жылган” деп ооздору толо жагымдуу сөздөрдү айтышты.

Айткандай, "жакшы кишинин артынан, дайыма жакшы сөз ээрчийт” деп бекер айтылып калбаса керек. Молдомуса мырзанын жасап кеткен иштери эсте калган үчүн анын дарегине карата жакшы сөздөр айтылып жатат. Болбосо сын айтканды жакшы көргөн биздин эл, ал киши жаман иш жасаган болсо, анда Конгантиевдин артынан келиштире сын айтышат эле.

Бирок, андан кийинки иштеген министрлердин деле жасап кеткен жакшы иштери болсо керек, бирок эмнегедир Молдомуса мырзага көбүрөөк токтолуп, кеп кылгандарына караганда Конгантиевдин жасап кеткен иштери көбүрөөк болсо керек.   

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости