www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келгиле жакынкы жылдардагы тарыхка кайрылып, кимдин кандай иш менен алек болгонуна көз чаптырып көрөлү. Маселен, Россиянын президенти Борис Елциндин күтүүсүз отставкасы жана бийликти мураскору Владимир Путинге өткөрүп бергени КМШ мамлекеттеринин президенттери тарабынан өзүнүн келечегине кам көрүп койду деген баага татыган. Бийлик алмашкандан кийин Конституциясына өзгөртүү, толуктоо киргизишип, ал тургай айрым жерлерине чектөө да коюшкан. Маселен, бир эле адам эки мөөнөттөн ашык катары менен президент болбой турган кылышып, экс-президенттин кол тийбестигин дагы көз жаздымда калтырышпай карап чыгышкан.
Алсак мындай нерселер Кыргызстанда 2003-жылы эле орун алган. Башкача айтканда, референдум жолу менен жаңы конституция кабыл алынган 53-берененин 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги бар. КР президенти президенттик мөөнөтүндө кылган аракети жана аракетсиздиги үчүн административдик жана кылмыш жообуна тартылбайт», деп жазылат.
Ушул эле берененин 4-пунктунда Кыргыз Республикасынын экс-президентин коргоо, камсыздоо жана кызмат көрсөтүү анын аялына, жашы жете элек балдарына жана ал камкордугуна алгандарга мамлекеттин мойнунда деген да жери бар.
Сыягы Аскар Акаев, Борис Елцин сыяктуу мураскорун таштоого мүмкүнчүлүгү болбогон окшойт. Ошон үчүн конституцияга келечектеги экс-президентти мамлекет камкордугуна алып, коопсуздугуна жана жакыр болбошуна да жоопкер кылып койгондой. Баарынан кызыгы 2003-жылдын июнунда мына ушундай мазмундагы мыйзам кабыл алганга да үлгүрүшөт.
Мына ушундай жагдайлар элдин кыжырын кайнатып олтуруп, жыйынтыгында 2005- жылы Акаевдин авторитардык бийлигине каршы элдик революцияга алып барат. Революциянын негизги талабы авторитардык системаны кулатуу болгон.
Революциядан кийин президенттик такка отурган Курманбек Бакиев башка мурдагы президенттерден кол тийбестикти алуу демилгесин көтөргөнү менен өзгөчөлөнгөн. Өткөн тарыхты барактай кетсек, Курманбек Бакиев 2005-жылы 13-октябрда “мен Президенттин, Премьер-министрдин жана депутаттардын кол тийбестигине каршымын” деген пикирин айтып,
“Мен ойлойм эгер президент, премьер-министр, депутаттар чын эле элине кызмат кылуунун кааласа, аларга кол тийбестиктин зарылчылыгы деле жок. Эгер алар бул кызматтарга башка максатын ишке ашырыш үчүн келбеген болсо кол тийбестиги жок деле иштеп, мамлекетке салымын кошсо болот. Ошондой эле президенттин, депутаттына, премьердин кол тийбестиктерине каршы чыкканым адилеттүү иш болгон деп ойлойм”, деп билдирген.
Төмөнкү шилтемеде: https://www.zakon.kz/65359-k.bakiev-ja-protiv-neprikosnovennosti.html
Кол тийбестикти жокко чыгаруунун башында Курманбек Бакиев турганы үчүн 2006-2007- жылдары кол тийбестик институту күчүн жоготкон.
Баарыбызга белгилүү болгондой мурдагы Конституциялык палатанын соту Клара Сооронкулова, 2010-жылы убактылуу өкмөттүн декрети аркылуу эки экс-президенттин Акаев жана Бакиевдин кол тийбестигин алышкан. Тилекке каршы бул таптакыр конституциялык эмес чечим болгон. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы премьер болуп турганда «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» мыйзамдын 12-беренесине оңдоо киргизгенден кийин 12-беренени алып салуу керек эле. Бирок 2015-жылы ошондой эле мыйзам долбоору киргизилип, бактыга жараша ЖК эмне себептендир аны караган эмес. Бул кадам Алмазбек Атамбаевге өтө ыңгайлуу болуп пайдасы тийди. Анткени Атамбаев учуру келгенде, “кол тийбестик тууралуу атайын долбоорду Жогорку Кеңешке эки жолу киргизсем кабыл албай койгон”, деп сөзсүз айтат.
Айтмакчы, Алмазбек Атамбаев президент болоору менен эле экс-президент Роза Отунбаеванын макамы тууралуу жарлык чыгарган. Бирок ал жерде Отунбаева кол тийбестиги бар деген кеп жок. Ал эми Атамбаев өзүнүн азиз жана сүйкүмдүү жанына кол тийбестикти өмүр бою кылдырып алган. Экс-президенттин кол тийбестиги бар. Кыскасы ал эч нерсеге жооп бербейт….тинтилбейт, түртүлбөйт жана башка... тилекке каршы президенттик мөөнөтү бүткүчө гана. Кол тийбестик болгону Атамбаевдин үйүнө, кеңсесине унаасына байланыш каражатына, архивине башка мүлктөрүнө, документине, багажына жана кат алышуусуна тийешелүү. Кызыгы АШАке конституцияны өзгөртүү менен бирге, Башпрокуратура кылмыш ишин иштеп жаткан гана президентке козгой ала турган кылып койгон, ал эми экске козгой албайт. Башкача айтканда Сокени башкарууга ниет кылган, же башпрокуратурага көзөмөл кылууну көздөгөн.
Көрсө экс-президенттерден кол тийбестикти алуу боюнча баалуу-барктуу беренени Баш мыйзамдан алып салуу үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев кадам таштаганын көпчүлүк көрсө дагы көрмөксөн болуп тургандыгы таң калдырат.
Булак: NazarNews.kg