www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү президенттин басма сөз жыйынында журналисттердин кудасы тууралуу жана жакындарына айтылып жаткан сөздөргө президент Сооронбай Жээнбеков мындай деп жооп берди:

"Мен 11 бир тууганмын, баары жогорку билимдүү Кантөрө Шарипович 24 жыл ректор болуп иштеди. Эки жыл болду каза болгонуна. Медик болуп эжем бир поликлиникада иштейт. Агам Жусупбек Шарипович элчи болуп сыртта жүрөт. Карындашым дипломаттын келинчеги. Ал сыртта. Дагы бир карындашым үйдө. Чакан ишканасы бар. 

Биздин атабыздын конушунда болсо эң кичинекей иним, Ташкентте токой чарбасын бүткөн. Оокаты тың. Биз барсак тосуп алат. Ага ыраазы болобуз", - деди.

Ал эми жакында эле анын кудаларынын туугандары "кресло" ээлегени тууралуу өз пикирин мындай деп билдирди:

-"Бир кудам бар. Кыргызда куда менен сый болуш керек. Биз саясат жөнүндө сөз кылбайбыз. Балдар тууралуу гана сөз болот. Бир жылда баарын ММКлар көтөрүп чыктыңар. Мен билбей калып жатам. Силер көтөрдүңөр, Мегакомго бир бөлүмдүн башчысы болуптур, мен укканча эле ал арыз жазып кетип калыптыр...мен аны укканга жетишпей да калдым. Мен баардык көйгөйлөр тууралуу кабардармын. Толгонай Стамалиева бүт көйгөйлөрдү алып келет. Үй-бүлөлүк башкаруу эч качан болбойт деп айта алам", - деди президент.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости