www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу мыйзамына кол койду. Бул мыйзам долбоорунун авторлору депутаттар Масалиев менен Зулушев. Аталган мыйзам долбоорун 111 депутат колдоп, 3 депутат каршы добуш берген.
Кыргызстанда кызыктай кырдаал жаралды. Буга чейин толук кандуу мөөнөттөрүн отурган эки президент качып кетип, алардын кол тийбестиги революциялык декреттер шылтоосу менен алынган. Эми болсо өз бийлигин тынчтык жолу менен, болгондо да досуна өткөрүп берген экс-президенттин тагдыры өлкөнү кайрадан туңгуюкка жетелеп баратат.
Ала кушту атынан айталы. Азыркы Батукаев, жансакчы Дамир Мусакеевдин тегерегинде көтөрүлүп жаткан жаңжалдар, мурдагы вице-министр Шамил Атахановдун, экс-министр Сагинбаеванын темир тор артына кирүүсу бул Атамбаевге болгон сигнал. Саясий шоу, эскертүү. Буга чейин экс-президент бир эмес, бир канча жолу кескин бир мүнөздүү билдирүүлөр менен чыгып, "өз катасын оңдоого, таза кишини бийликке алып келүүгө аракеттенээрин, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесин" ачык эле айткан. Бул кагылган коңгуроо жоопсуз калмак эмес.
Ак үйдөгү кайсы акылман акыл кошчу болуп жатканын ким билсин, бирок "Атамбаевди жалгыздатуу, алсыратуу" идеясы акыры келип өлкөнү туташ саясий-экономикалык кризиске кептемей болду. Экономикалык дегенибиз, азыркы президенттин жанында жүргөндөр ушул идеяны сунуштап коюп, өлкөдө айланган каражатты көзөмөлдөгөнгө ашыгып, таасир талашуу, бизнести көзөмөлдөөгө өтүп алышты. Натыйжада, бир канча жүз миллиондогон каражаттар сыртка ар кандай жол менен чыгып кетип, элде айланган акча каражаттары жетишсиз болуп калды.
Калктын жону жукара түштү, Саясий жактан алып караганда муну менен экс-президенттин таасирин жоготуу үчүн айрым топтор ич ара аракеттенип жатып эки лидердин ортосуна чок таштап, ал мамлекеттик деңгээлге чыкты. Абал курчуду. Акыры келип азыркы жер карама парламенттин колу менен экс-президентттин кол тийбестиги алынды. Бирок "Мыйзам артка иштебейт" деген эл аралык норма бар. Тилекке каршы, Ак үйгө ат көтөргүс иш кылгысы келген айрым кошоматчылар бул мыйзамды кабыл алдырып берип, келечекте азыркы президенттин келечек жолуна мина даярдап коюшту.
Бул жаңылыштык. Жалпы жонунан азыркы мыйзам боюнча экс-президент активдүү саясатка аралашканга, партия түзгөнгө, саясий кызматка баруусуна эми мыйзам жол бербейт. Бирок Атамбаевдин буга чейинки күрөшчүл өмүр таржымалын, жанындагы ишенимдүү адамдарынын темир тор артында жатышын эске алсак, Атамбаев эч качан саясаттан кетпейт. Жоготоору да калган жок.
Анын баарын билип туруп азыркы президенттин тегерегиндегилер Сооронбай Жээнбековдун келечегине капкан салышты. Алты жыл мөөнөт көз ачып-жумганча өтөт. Анан азыркы ажону "камалсын" деп кыйкырып чыкчулар, басым кылчулар эрте эле чыгат. Бул табигый көрүнүш. Ошондо кандай болот? Учурунда президентти мактап жүргөндөр кийинки президентти ээрчип, "ооба, Жээнбеков камалсын" деп кошо кыйкырышат. Аны тарых далай ирет тастыктады. Бул маселеге келгенде азыркы президент туура эмес инцидент жаратып алды. Эч болбоду дегенде Атамбаевге аркан ыргытууну коңшу өлкө башчылары колдобойт...
Булак: "Фабула"