www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлзат Маичинова БГУдагы Башкаруу жана социология факультетинин саясат бөлүмүн кызыл диплом менен аяктаган. Кесиби саясат таануучу, бизнес администрациялоо боюнча магистри. Учурда аталган университеттин Эл аралык бөлүмүнүн башчысы, менеджмент жана маалымат системалар кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенет.  Кыргыз, орус, англис, поляк тилдеринде эркин сүйлөйт. Эми хинди тилин өздөштүрүү аракетинде.

 Учурда Индиянын Хайдарабад шаарында. Тагырагы, Индия мамлекетинде 7-орунда турган Османия университетинде Бизнес жана коммерция колледжинде Менеджмент боюнча докторантурада диссертациясын жактап жатат. Ал жакка атайын Индия мамлекетинин дүйнө боюнча илимпоздорун, окумуштууларын колдогон ICCR мамлекеттик программасы менен барган. Интернет аркылуу маектештик.

--Гүлзат, Кыргызстандан канча адам бар?

--Атайын программа менен келгендиктен Iccr программасынын Дели шаарындагы жана Хайдарабад шаарындагы өкүлдөрү тосуп алышкан. Учурда 3 жылдык докторантура (PhD) программасында Кыргызстандан мен жалгыз элемин.

--Сабактар кайсы тилде өтүүдө?

--Сабактар англис тилинде. Англис тилинде сүйлөшүп атам. Бирок, булар жөнөкөй эл, хинди, телугу тилдеринде сүйлөшөт. Андыктан хинди тилин үйрөнүүгө туура келүүдө.

Азыр Индиянын жаштарын өнүктүрүү программалары кандай экен деп изилдөө жүргүзүп жатам. Индияда эң мыкты деп 2017-жылдын атайын рейтинги боюнча 174 университет эсептелет. Алардын ичинде мен окуп жаткан Османия университети Индиялык университеттер арасында көлөмү боюнча 7-орунда турат. Апрель айында Османия университетинин 100 жылдык маарекеси болуп өттү. Бул мамлекеттик деңгээлдеги окуя болгондуктан Индия мамлекетинин президенти салтанатка келип катышты.

--Өткөндө аба-ырайы аябай ысыктыгын айттың эле. Эми тамак-ашына токтолсоң?

-- Эң ысык мезгили апрель, май айлары экен. (Күлүп) Дал ошол учурда келдим эле. Күнү-түнү ысык: мончо же саунада жүргөндөй эле болот экенсиң. Эки ай бою муздак сок ичип, улам-улам сууга түшүп жаттым. Жер жемиштерден: манго, банан, кокос суусу, апельсин, грейпфруттан жасалган суу сундук ичип жатам. Биздин кызыл ысык чай, ландыш ичсең Іысыктап кетесиң“дешти. Ошондой эле булардын вегетариандык тамактары да денени муздатыш үчүн керек экен. Биздин койдун же жылкынын чучук, казы-карталарын жесе бул жакта денеге ысык болуп, уктай албай калат экенсиң. Негизи бардык тамактарына калемпир кошуп жешет экен. Кээде балмуздакка да калемпир кошуп коет. Бул калемпир индиядыктардын антисептиги десек болот.

Ал эми кийимдери кинодо көргөндөй эле: сари. Улуу аялдан жаштарына чейин кийишет.

--Суусунун даамы кандай экен: биздикиндей болбосо керек?

-- Бул жакта суу маселеси кыйын, абдан тартыш. Суунун даамы биздикиндей эмес. Биздики таза, даамдуу да. Өзүбүздүн сууну, дегеле абасын, мөңгүлүү тоолорумду, таштарга чейин сагындым.

--Кандай жагдайда жашап жатасың: шарты жакшы элеби?

-- Университетке жакын жерде, эки бөлмөлүү квартирада турам.

--Кыргызстанды, кыргыз улутун билишет бекен?

--Кыргызстанды билишет экен. Мурдагы СССР Россиянын карамагындагы мамлекет деп ойлошот. Булар үчүн биз Россиядан келген оруспуз. Ошентип орус кыз болуп жүрөм.

Назира Саалиева

P.S. Гүлзат Маичинова менен Индиянын салт-санаа, үрп-адаты, маданияты, адабияты, саясаты боюнча маектешебиз. Кызыктар али алдыда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости