www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында 2018-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету каралууда.

КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы боюнча 2018-жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 971 мыйзам бузуучулук аныкталып, аларды четтетүү боюнча 14 020 прокурордук актылар түзүлгөн. Анын негизинде тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9948 адам тартылып, 962 жазык иши козголгон. Ошондой  эле мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 635 406 сомду түзгөн.

Депутат Карамат Орозованын суроосунан кийин 2018-жылы коррупциялык багытта 988 жазык иши козголгондугу белгилүү болду. Алардын ичинен прокуратура органдары тарабынан прокурордук көзөмөлдү жүргүзүүдө 962 жазык иши, улуттук коопсуздук органдары тарабынан 7 жазык иши, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан 14 жазык иши козголгон.

Прокуратура органдарына келген арыз-даттануулар менен иштөөдө тергөөчүлөрдүн жетишпей жаткандыгы айтылды. Депутат Айтмамат Назаров жер мыйзамдарын бузгандарга карата туура эмес чечим кабыл алган судьялардын ишине башкы прокурордун көӊүлүн буруп, мыйзамсыз жерлерге үй салууга уруксат берилген жагдайларды мисалга тартты.

Депутат Марлен Маматалиев Башкы прокурордун отчету статистика таризинде болгондугун айтып, анда келтирилген мыйзам бузуулардын келип чыгышы, мыйзам бузууларды болтурбоо, алдын алуу боюнча талдоо жүргүзүүлөргө кызыкты. Ошондой эле депутат пара берүү фактысы боюнча канча кылмыш иштерине дагы көӊүл буруу зарылдыгын билдирди. Депутат Каныбек иманалиев дагы прокуратура кызматтары аналитикалык иштерге басып жасоо керектигин сунуш кылды.

«Отчетто эӊ коррупцияланышкан мамлекеттик органдардын катарына 10 миӊ сом айлык алган кызматкерлер иштеген мекемелерди тескеген министрликтер киргизилиптир, Бажы сыяктуу ири каражат айланган мекемелер эмне үчүн кирген эмес. Карапайым элде пикир башкача»,- дейт депутат Жанарбек Акаев. Эл өкүлү көр сатуу боюнча даттангандар айыпка жыгылгандыгына нааразычылыгын билдирип, бул маселени Башкы прокурордун көзөмөлгө алуусун өтүндү.

Депутат Руслан Казакбаев 2017-жылы терроризм боюнча 23 факт катталса, 2018-жылы 1 факт катталганын, эмне үчүн мындай кескин айырма бар экенине кызыкты. Ошону менен катар прокуратура кызматынын ичиндеги коррупция боюнча 24 кызматкер иштен бошогондугун тактады.

Депутат Каныбек Иманалиев Тарых музейиндеги өрт кырсыгы, андагы жоголгон өтө баалуу экспонаттар боюнча Башкы прокуратуранын көз карашын сурады. Ошону менен катар депутат прокуратура кызматындагылардын ротациялоо боюнча туура иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Булaк: NazarNews.kg

Последние новости