www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊеште Акыйкатчынын 2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” баяндамасы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.
Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтымында, 2017-жылы Акыйкатчынын борбордук аппаратына жана облустардагы өкүлчүлүктөрүнө кайрылуу, арыздар тууралуу маалымат: кайрылгандардын жалпы саны – 12881 адам, анын ичинде: коомдук кабылдама аркылуу оозеки юридикалык кеп-кеӊеш алгандар – 6847, жазуу жүзүндөгү кайрылуу, арыздар – 3242.
Суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Жанарбек Акаев Акыйкатчы Токон Мамытовду абак жайлардагы кыйноолорго, күч органдары менен судьяларга болгон нааразычылыктарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Анын айтымында, жогорудагыдай нааразычылыктар боюнча эл өкүлдөрүнө таңгак-таңгак каттар келет.
Чет өлкөлөрдөгү түрмөлөрдөгү мекендештерди, айрыкча, жеңил беренелер менен отургандар боюнча иш алпаруу зарылдыгына депутат Сайдулла Нышанов токтолду. Бул теманы улаган депутат Умбеталы Кыдыралиев акыркы маалыматтарга таянып, Орусия, Казакстанда 2000дей кыргызстандык абакта отургандыгын билдирди. “Чет жерде жүргүн мекендештердин тагдырына маани берип койсоңуз”.- дейт эл өкүлү. Бул маселелер КР Башкы прокуратурасына жүктөлгөндүгүн айткан Акыйкатчы бул орган менен тыгыз кызматташып иш алпара тургандыгын жооптоду.
Ишкерлердин укуктарын коргоо маселесин ортого салган депутат Айтмамат Назаров демилгеленип жаткан бизнес-омбудсмен институту колдой тургандыгын айтты.
Депутат Тынчтык Конушбаев милиция бөлүмүнө суракка барып, алар тарабынан сабалып, натыйжада алган жаракатынан каза болгон жагдайлардан мисал келтирип, мындай учурларга Акыйкатчы институнун көңүлүн бурду.
Булак: NazarNews.kg