www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө эли техникалык өнүгүүнүн жолунда баш катырса, ушул тапта өлкөдө оозундагы түкүрүгүн талкуу кылып олтурганы, болгондо дагы кыргыздын айрым жигиттери "түкүрүккө" түгөл дүйнөсү менен кирип жатканы бүйүрдү кызытууда. 

Кайрадан социалдык тармактагы пикирлерге назар салалы. 

Какырык баатыр жөнүндө эки ооз...Илгери жигиттерибиз жоо чаап болу, эли-жерин коргоп баатыр болчу эле. Азыр, Акүйдүн алдында барып, мурдун гыркырата тартып, какырынып түкүрүп "баатыр" болуп жатат.  Албетте Акүй ичиндеги саясатчылар периште деп айтпайм, бирок мынтип чоң эле жигит мурдун бырылдатып какырынганы жакшы эмес көрүнүш. Акүй жаманбы-жакшыбы хан ордо. Мынтип бир тарбиясыз баланын какырыгына баракелде деп колдогондорго түшүнбөйм. Ушунусу менен кыргыз мырзаларына үлгү көрсөттүбү? Бул жигитке "Какырык баатыр" же "Чимкирик баатыр" деп ат коюш керек. Мырзалар уялгыла!, -деген пикирин Жанара Муратова ачыкка чыгарды.

Ал эми белгилүү журналист Гүлзада Шаршеналиева, "Түкүрүк катуу тема болду. Албетте, түкүрүнбөй, коомдук жайларда өзүн маданияттуу алып жүрүү, ар бир адамдын тарбия ыйманында. Мыйзам кабыл алынган соң, ар бирибиз ошол эрежени сактоого милдеттүүбүз. Маселе такыр башка жакта. 1. Мыйзам тууралуу туура так түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок. 2. Мыйзамдын аткарылышын ким көзөмөлгө алаарын, анын аткарылышы боюнча так механизмдер жок болуп чыкты. 3. Тартип жана мыйзам бузууларга каршы иш алып барып жаткан органдарга карата элде ишеним жок. Карапайым калктын эсебинен чөнтөк кампайтуу маселеси күч алат. Кимдин чөнтөгү? Өкмөттүн же казнанын эмес, аз айлык калган "типа" көзөмөлчүлөрдүн. 4. Демек, бышпаган мыйзам. Чала кадам. 5. Чаланын иши балээ.  Жакшы түшүндүрүү, уяткаруу, аң сезимге сиңе турган маданий иштер болсо мыйзамы жок эле ишке ашмак. Элибиз көтөрүмдүү жана түшүнүктүү. ( эмнегедир идеялогия менен пропаганда деген сөздөр жакпайт да мага). Мына ушул себептерден, эл дүрбөсө бирөө кошо дүрбөптүр болуп, жигит ак үйгө түкүрдү. Эми көргүлүктү көргөзөбүз дешээр. Уруш кайдан чыкты? Атаңдын башынан. Ошо." -деген пикирин социалдык тармакка жүктөдү.

Эми жигиттердин пикирине көңүл барыла!

Жээнбек Сагыналиев, "Түкүргөн балдарда мээ жок окшойт. Бул түкүргөнү азаматтык эмес, кыянаттык! 5000 сомго өлкөнүн тазалыгын бузуп атат. 5000 сомдон да өлкө бийик туратго! Кыргыздын жигиттери өлкөнү булгаганыбыз өзүбүзгө, кыргыз деген улутубузга залакасын тийгизкен болобуз!

Элге акылын айтып, келечекте депутат болгусу келген активист Урмат Акунов, "Түкүрүктүн түбүнө жетем деген бийлик жаңылат, түкүрүк жетет силердин түбүңөргө ошондо чыканагынарды тиштейсинер..." деп жазса, "Мекенчил" партиясында активист болуп жүрүп эле, ыйман жолуна түшүп кеткен Төрөхан Жунусбеков, "Чын жүрөктөн колдоого алып, жемкорлордун бетине түкүргөн, Рамистин штрафын төлөшөлү Мекендештер ...менден 500 сом Спец счет ко...."-деп, миң сомун садага чапты. 

Эми бүгүнкү күндү күтө туралы, "түкүрүктөн" түйшөлткөн ойлор кандай болот экен...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости